Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин “Pakistan Accumulators Pvt Ltd.” компаниясынын директору М.М.Б.Талха менен жолугушуусу тууралуу

95

2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Pakistan Accumulators Pvt Ltd” компаниясынын директору Мухаммад Мустафа Бин Талха менен жолугушту.

Тараптар аккумулятордук продукциясын Кыргызстандын рыногуна экспорттоо, ошондой эле ЕАЭБнин рыногунун олуттуу суроо-талаптарын жана чийки заттын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен КРда өндүрүш ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

“Pakistan Accumulators Pvt Ltd” компаниясынын жетекчиси туризм тармагында кызматташууну, атап айтканда, корпоративдик туристтик топторун КРга жиберүү, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү түзүүнү сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK