Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу
2023-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Исламабад шаарынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алышты.
Эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен кыргыз-пакистан достук тобун түзүү маселесин биргелешип кароого макулдашышты. Бул максаттарды талкулоо үчүн жакынкы арада Исламабаддан Кыргызстанга бизнес делегациянын иш сапарын уюштуруу пландаштырылууда.