Кыргызстандын ишкерлер делегациясынын Равалпинди шаарынын Соода-өнөр жай палатасына болгон иш сапары жана Кыргызстандын Пакистандагы элчиси У.Тотуяевдин “MedHealth Expo&Summit 2023” аттуу көргөзмөсүнө катышуусу тууралуу

115

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында. 2023-жылдын 14-августунда Кыргызстандын «Шоро» компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегация Пакистандын Равалпинди шаарынын Соода-өнөр жай палатасына иш сапары уюштурулду. Жогоруда аталган иш-чара Кыргызстан менен Пакистандын ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүү, ошондой эле продукциянын ар кандай түрлөрүнүн жана атап айтканда, азык-түлүк продукциясынын өндүрүштөрүн ачуу маселелерин талкулоого багытталган.

Иш-чаранын алкагында кыргыз ишкерлери пакистандык өнөктөштөр менен жергиликтүү рыноктун жана өз ара пайдалуу бизнес жүргүзүү өзгөчөлүктөрүн изилдөө максатында В2В сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

2023-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Равалпинди Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган “MedHealth Expo&Summit 2023” аттуу көргөзмөсүнө катышты.

Саламаттыкты сактоо жана медицина тармагын өнүктүрүү максатында уюштурулган иш-чаранын алкагында, пакистандык фармацевтикалык компанияларынын продукциясынын кеңири ассортименти, ошондой эле ооруларды диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы акыркы жетишкендиктери тартууланды.

Элчи У.Тотуяев жайгаштырылган продукциялар менен таанышып, пакистандык компанияларды тышкы рынокторго жана атап айтканда, Кыргызстандын рыногуна өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү келечектерин карап чыгууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK