Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кабыл алуу аземи болуп өттү

112

2023-жылдын 31-августунда Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган кабыл алуу болуп өттү.

Майрамдык салтанатка Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери, парламентарийлер, дипломаттар, коомдук ишмерлер, ишкер чөйрөлөрдөн, чыгармачыл интеллигенциядан жана журналисттер катышты.

Элчи У.Тотуяев өз куттуктоо сөзүндө өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы негизги жетишкендиктерин баса белгилеп, кыргыз-пакистан кызматташтыгын Кыргыз Республикасы мындан ары активдештирүүгө умтулуусун баса белгиледи.

Иш-чаранын ардактуу коногу, Пакистандын Улуттук мурас жана маданият федералдык министри Жамал Шах куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын элине өркүндөө жана бакубатчылык каалап, кыргыз-пакистан кызматташтыгынын чоң потенциалын белгиледи.

Иш-чаранын конокторуна Кыргызстандын туризм жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер тартууланды.

Кабыл алуу концерттик программасы менен коштолду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK