«Кыргызстан-Пакистан: соода-сатык жана салымдардык шериктештик" темадагы Тегерек столу жана Пакистанда өткөрүлгөн Ак калпак күнү жөнүндө
2020-жылынын 5-мартында Исламабад шаарындагы Кыргызстандын элчилиги Ак калпак күнүнө арналган «Кыргызстан- Пакистан: соода-сатык жана салымдардык шериктештик" темадагы Тегерек столун уюштурду.
Иш-чараны ачып жатып, Элчи Э.Бейшембиев өз сөзүндө кыргыз эли үчүн ак калпагынын өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, келген конокторго анын ыйык мааниси жөнүндө айтып берди.
Тегерек столдун жүрүшүндө Элчи Э.Бейшембиев «2019-жылдагы Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана өлкөнүн экспорттук жана салым мүмкүнчүлүктөрү» темасына тууралуу пакистандык тарабына маалымат берип, ошондой эле ар түрдүү чөйрөлөрдө, анын ичинде айыл чарба, текстилдик жана дары-дармек өнөр жайы, эки өлкөнүн бизнес-жамааттардын ортосундагы кызматташтыгы үчүн зор мүмкүнчүлүктөрү боюнча белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз элчилигинин жана Пакистандын Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү, пакистандык ишкерлери ортосунда пикир кылдат алмашуу болуп өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында, пакистандык бизнес-өкүлчүлүктөрүнө Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында болгон даяр салым проектери боюнча маалымат берилди.
Иш-чарага «RUPA Trading House», «ANZ Partners», «AWT Holidays», «Al-Falah Consultants Int.», «Khyber Aviation», «FBR» жана башка компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында, коноктор үчүн Ак калпак күнүнө арналган фуршет уюштурулду.