Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын Саламаттык сактоо үчүн премьер-министрдин атайын жардамчысы, министри д-р Зафар Мирза мырза менен жолугушту

5136

2020-жылдын 13-мартында, Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Э.Бейшембиев Саламаттык сактоо үчүн премьер-министрдин атайын жардамчысы, министри д-р Зафар Мирза мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаңы Covid-19 коронавирустун тез жайылышына байланыштуу дүйнөдө жана региондо түзүлгөн кырдаалды талкуулашып, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Пакистанда оору менен күрөшүүгө туралуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап саламаттык сактоо тармагында мындан ары кызматташтыкты күчөтүүгө макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK