Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

16660

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду.

3 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1338 адам кабыл алынат (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 2238 адам кайрылышкан (1721 — чоң адамдар жана 517 — балдар).

http://www.president.kg/kg/okujalar/zharlyktar/16489_prezident_sooronbay_gheenbekov_kirgiz_respublikasinin_gharandigina_kabil_aluu_ghana_gharandiginan_chiguu_ghnnd_gharliktarga_kol_koydu

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK