КР жарандары үчүн маалымат
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары !
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги жарандарынын консулдук каттоодон өтүүлөрү керектигин эскертет.
Kонсулдук катоо үчүн Элчиликке төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
1. Катталуу карточкасы
2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту
3. 3x4 өлчөмдөгү бир сүрөт
4. Каттоо акысыз
Катталуу үчүн аралыктан да арыз берүүгө болот. Бул үчүн жогорудагы документерди сканерлеп, Элчиликтин kgembassy.pk@mfa.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.