Кыргыз Республикасынын Ыйгарым жана Укуктуу Элчиси Эрик Бейшембиев, Пакистандын Лахор шаарынын Соода-Онор Жай Палатысынын башчысы менен жолугушту

3860

2020-жылдын 30 майында Кыргыз Республикасынын Ыйгарым жана Укуктуу Элчиси Эрик Бейшембиев, Пакистандын Лахор шаарынын Соода-ОнорЖай Палатысынын башчысы Ирфан Икбал Шейх мырза жана палатанын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ковид-19 шартында эки өлкөнүн экономикаларын калыбына келтирүү жана адаптациялоо маселелери жана  эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө зарылдыгын талкуулашып, ошондой эле кыргыз жана пакистандык жеке ишкерлердин ортосундагы түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүү зарылчылыгын белгилешти.

Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын технологияларын жана инвестицияларын Кыргызстандын айыл чарба, текстиль жана фармакологиялык тармактарда тартууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде пакистандык тарап Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык байланышты бекемдөөгө терең ниетин белгилеп, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду изилдөө максатында биздин өлкөгө иш сапар менен тез арада барууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK