Жогорку Кеңешке Шайлоого катышуу үчүн өлкө аймагынан сырткары жүргөн Кыргызстандын жарандары консулдук учетко туруу зарыл.

3498

Жогорку Кеңешке Шайлоого катышуу үчүн өлкө аймагынан сырткары жүргөн Кыргызстандын жарандары консулдук учетко туруу зарыл.

Бул ишти 19-сентябрга чейин аткаруу керек, андан кийин сөзсүз өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшерүү керек.

Бүгүн биз бул ишти кантип аткаруу керек жана эмне керек экени тууралуу айтып беребиз!

Кыргыз Республикасынын жарандарына азыркы жүргөн жери боюнча консулдукта же элчиликте убактылуу консулдук учетко туруу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу зарыл:

а) белгиленген формадагы толтурулган каттоо карточкасын эки үлгүдө (аны консулдуктун же элчиликтин өзүнөн алууга болот);

б) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана анын көчүрмөсү;

в) 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.

Консулдук учетко туруу үчүн жыйымдар жоюлган, ошондуктан бардык жол-жоболор акысыз.

Туруктуу учетко туруу боюнча биз кийинки жарыяларда айтып беребиз, өткөрүп жибербеңиздер!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK