Жарандык маселелер
КРдын жарандыгынан чыгуу үчүн документтердин тизмеси
Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашагандардын Кыргыз Респуликасынын жарандыгынан чыгуусу ал жактын өз эркин билдирүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Мыйзамдын 25-беренесинде каралган учурларда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга жол берилбейт.
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турган Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган жериндеги ички иштер органдарына, ал эми Кыргыз Респуликасынын чегинен сырткары туруктуу жашап тургандар – дипломаттык өкүлчүлүктөргө же Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине төмөнкү документтерди тапшырышат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин наамына белгиленген формадагы арыз (2-тиркеме);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жаранык паспорт (чет мамлекеттик паспорт);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- нике тууралуу күбөлүк, никени жокко чыгаруу жөнүндөгү күбөлүк, күйөөсүнүн/аялынын каза болгондугу жөнүндөгү күбөлүк же күйөөсүнүн/аялынын каза болгондугун же дайынсыз жок болгондугун таануу жөнүндөгү соттун чечими, талаптагы учурда – никеде турбагандыгы жөнүндө ААКтын архивинен маалымкат;
- чет өлкөлүктүн жашап туруу укугу;
- салыктарды төлөө боюнча карызы жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органынын документи (арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы жашаган орду боюнча);
- ак фондогу 4х6 өлчөмүндөгү түстүү 3сүрөт, жылмакай кагазда;
- мамлекеттик пошлинаны же АКШнын 510 доллары өлчөмүндөгү консулдук төлөмдөрдү төлөгөндүгү (Халык Банк) жөнүндө тастыктама, төлөмдүн дайындалышы – консулдук чогултумдар), төмөнкү реквизиттер бонча:
Алматы шаары Луганский көчөсү 30 А дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу
БИН/ИИН 040950023012
KZ146017131000054149
БИК HSBKKZKX КНП 859
- Арыз ээсинин Кыргыз Респуликасынын жараны күйөөсү/аялы, ошондой эле анын багуусундагы жана Кыргыз Респуликасынын жарандары болгон жактары болсо, ал арыз ээсинин Кыргыз Респуликасынын жарандыгынан чыгышына алардын мамилеси жөнүндөгү жазуу түрүндөгү маалымкатын тапшырышы керек.
- Эгер арыз ээси бир эле маалда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан жашы жете элек балдардын дагы чыгышы жөнүндө өтүнмө берсе, Мыйзамда каралган кырдаалдарга ылайык, төмөнкү документтер тапшырылат:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, камкордукка же карамагына алгандыгын белгилеген күбөлүк, ата-энесинин укугунан ажыраткандыгы жөнүндө күбөлүк;
- ата-энесинин же камкорчулардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп кала берсе, баланын жарандыгын токтотууга же сактоого тараптардын нотариус тарабынан же Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө (же консулдук мекемеде) күбөлөндүрүлгөн жазуу түрүндөгү макулдугу.
- 14төн 18 дашка чейинки балдардын жарандыгын өзгөртүүгө нотариус тарабынан же Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө (же консулдук мекемеде) күбөлөндүрүлгөн жазуу түрүндөгү макулдугу.
Кошумча маалымат алуу үчүн +7 777-037-14-48 номерине кайрылыңыз