Дипломатиялык миссиянын башчысы
Кыргыз Респуликасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу
Арипов Назарали Турдалиевич
1970-жылы Баткен областынын Кара-Булак айылында туулган. Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 1994-1997 – «Эрдик» жеке иш кананын директору
- 1997-2001 - жеке ишмер
- 2001-2003 – ЖЧК «Прагма Инк» директору
- 2003-2009 – ЖЧК «Гефест» директору
- 2007 – Оштун шаардык кеӊешинин депутаты
- 2009-2010 – Кыргыз Республикасына караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош боюнча территориалдык башкармалыгынын директору
- 2010-2015 – «Реcпублика» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышынын депутаты
- 2016 – Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясында мүчө
- 08.05.2021 – азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы консулдугунун Башкы консулу
«КМШ Парламент Аралык Ассамблеясы – 20 жыл» юбилейдик медали менен сыйланган.