Өлкө тууралуу маалымат

Казахста́н (каз. Қазақстан [qɑzɑqˈstɑn], расмий түрдө Казахстан Респу́бликасы (каз. Қазақстан Республикасы), (аббревиатура РК) — Евразиянын борборундагы мамлекет,  аймагынын чоң бөлүгү Азияга, кичине бөлүгү Европага кирет. Калкы — 18 356 890 адам  (2018-жылдын 1-ноябрына карата).

Аймагынын аянты  — 2 724 902 км², Аргентинадан бир аз гана кичирээк. Дүйнөдө территориясы боюнча 9-орунда, КМШ өлкөлөрүнүн арасында 2-орунда (Россиядан кийин) турат, ИДП көлөмү жана жана ППС боюнча 42-орунда, калкынын саны оюнча 64-орунда турат.

Борору  — Астана. 1,8 миллиондон ашык калкы менен ири шаар — Алма-Ата. Мамлекеттик тили — казак. Мамлекеттик тил менен бирге өлкөдө колдонулган расмий тил   — орус.

Каспий деңизинин, Нижний  Поволжьенин, Уралдын, Сибирдин, Кытайдын жана Орто Азиянын ортосунда жайгашкан.  Түндүктөн жана батыштан Россия менен чектешет (чек аранын узундугу  — 7548,1 км), чыгыштан  —   Кытай менен (1782,8 км), түштүктөн  —  Кыргыз Республикасы менен  (1241,6 км), Өзбекстан менен  (2351,4 км) жана  Түркмөнстан менен (426 км) чектешет. Кургак жердеги чек арасынын жалпы узундугу  — 13392,6 км. Өлкөнүн чыгыштан батышты карай  узундугу  2963 км ди, түндүктөн түштүккө карай  — 1652 км ди түзөт. Түрк кеңешинин ичинен территориясы боюнча эң чоң өлкө олуп саналат. Континентал ичиндеги Каспий жана Арал деңиздеринин суулары жайгашкан. Деңизге чыгуучу жолу жок жана мындай өзгөчөлүгү менен дүйнөдөгү эң ири өлкө болуп саналат.

Административдик-аймактык мааниде 14 обласка жана республикалык маанидеги 3 шаарга – Астана, Алматы жана Шымкент-  бөлүнөт. Мындан сырткары, өзгөчө макамга ээ болгон Байконур шаары бар,  аны 2050-жылга чейин Россия ижарага алган жана бул мөөнөттө ага Россия Федерациясынын федералдык маанидеги шаарына ылайык келүүчү макам берилген;  Россия тарабынан ижарага алынган  жердин жалпы аянты  111 913 км² ( өлкөнүн аймагынын 4,1 %ы) түзөт. Экономикалык-географиялык жактан Казахстан Борбордук, Батыш, Чыгыш жана Түштүк региондорго бөлүнөт.