Бишкек шаарында КР ТИМинин Башчысы Ж.Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт

368

2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт.

Отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK