РК БММ "Казахстан Улуттук Ата-Мекен Согушунун жылдарында, диаспоралар маданияты" залы материалдар менен толукталды.

4143

   Республика Казахстандын Борбордук мамлекеттик музейи Казахстан элдеринин тиричилигин жана бай маданиятын демонстрациялоочу, тарыхый-этнографиялык баалуулукка ээ музейдик маанидеги жаӊы буюмдар менен толукталган "Казахстан Улуу Ата-Мекен Согушунун жылдарында, диаспоралар маданияты" 3 экспозициялык залдарын жаныртуу боюнча чоӊ иш аракеттерди аткарышты. Этно-маданий бирикмелердин өкүлдөрүнөн Борбордук музейге өткөрүлүп берилген жана чектелүү санда сакталып калган материалдар коомчулукта кеӊири бөлүгүнө илимий жана билип алууга кызыкчылыктарды тартуулайт.

   3 июнда 2021 жылы Республика Казахстандын Борбордук музейинде Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун Башкы консулу Арипов Назарали Турдалиевич менен Алматы ш. "Кыргыз этномаданий бирикме "Мурас" коомдук бирикмесинин өкулдөру (Мамыров Р.К., Татыбеков М.Н.) кыргыз диаспорасына арналган жаӊы экспозициялык комплексин презентациялоо боюнча жолугушуу өттү. Этномаданий бирикме "Мурас" жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн музейдин фондуна кыргыз элинин маданиятын, тиричилигин жана салттарын мүнөздөөчү буюмдар өткөрүлүп берилип стационардык экспозицияны толукташты.

   Учурашуу сөздөрү менен РК БММ директорунун орун басары  Бибигуль Дандыгараева жана Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун Башкы консулу Арипов Назарали Турдалиевич чыгып, биргелешкен эл аралык маданий проекттерди келечекте реализациялоо пландары тууралуу айтып беришти. Иш чара учурунда меймандар "Казахстандын диаспораларынын маданияты" экспозициялык комплекси менен таанышып алышты. Иш чаранын баардык катышуучуларына РК Борбордук музейинен, КБ "Кыргыз этномаданий бирикме "Мурас" жана Казахстан элдеринин ассамблеясынан ыраазычылык каттары тапшырылды. Башкы Консул Н.Арипов музейге өзүнүн каалоо тилектерин Ардактуу коноктор китебине жазып калтырды. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK