Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун 2020-жылдын 27-августундагы маалыматтык билдирүүсү

5028

     Кыргыз Республикасынны Тышкы иштер министрлигинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Кыргызстанга кайтып келүү (учуу) үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотту.
    Ушуга байланыштуу, "Авиатраффик" жана "Сибирь" авиакомпанияларына билеттерди өздөрүнүн расмий авиакассалары же авиакомпаниянын веб-сайттары аркылуу өз алдынча сатууга укук берилет.
    Ошондуктан, 2020-ж. 27-августунан баштап, Кыргызстандын бардык жарандары мекенине учууну кааласа, Башкы консулдукка кайрылбай эле, авиабилеттерди түздөн-түз "Авиатраффик" жана "Сибирь" авиакомпанияларынын авиакассаларынан же алардын расмий сайттарынан онлайн режиминде сатып ала алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK