2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен «Issyk-Kul ITF-2022» эл аралык туристтик көргөзмөсү жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү аттуу көргөзмө боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясынын «Сибирь келишими» региондор аралык ассоциациясынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

1764

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен «Issyk-Kul ITF-2022» эл аралык туристтик көргөзмөсү жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү аттуу көргөзмө боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясынын «Сибирь келишими» региондор аралык ассоциациясынын (МАСС) өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Маалымат иретинде: «Сибирь келишими» уюму Россия Федерациясынын субъекттеринин экономикалык кызматташтыгы боюнча региондор аралык ассоциациясы (МАСС) 1990-жылы Сибирь жана Уралдын аймагында жайгашкан Россия Федерациясынын субъекттери тарабынан түзүлгөн.

         Учурда МАСС уюму Сибирь Федералдык округунун Россия Федерациясынын бардык субъекттери – Алтай Республикасы, Тыва, Хакасия, Алтай жана Красноярск крайлары, Иркутск, Кемерово, Новосибирск, Омск, Томск облустары, Андан сырткары Россия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш федералдык округунан - Бурятия Республикасы жана Забайкальский крайы, ошондой эле Россия Федерациясынын Урал федералдык округунан - Тюмень облусу жана Ханты-Мансийск- Югра автономиялык округдары кирет. МАСС 2019-жылдын март айында Россиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүң ассоциацияланган мүчөсү болуп катталган. Айрым маселелер боюнча МАСС менен Тюмень облусу, Ханты-Мансийск автономиялык округу - Югра жана Ямало-Ненец автономиялык округдары кызматташып турушат.

МАСС өзүнүн мүчөсү болгон Россия Федерациясынын субьектилери тарабынан сунушталган Сибирь региондорун өнүктүрүү боюнча бир катар аймактар аралык, инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгып турмушка ашырууда. Азыркы учурда «Аймактык жана кичи учактарды колдонуу менен Сибирдин аймактар аралык аба каттамдарын өнүктүрүү»; «Сибирдин экспортко багытталган чек ара коридорлорун өнүктүрүү»; «Сибирде ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү», «Сибирде үрөөн рыногун 2025-жылга чейин өнүктүрүү» жана башка ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда:

Кыргыз делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Н.С.Надырбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.В.Усенова  жана Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.С.Маматаев жана Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын аппаратынын өкүлдөрү, КР Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлери, “Issyk-Kul ITF-2022” көргөзмө-жарманкесинин уюштуруучулары жана туристтик компаниялардын жетекчилери болду.

Россия тараптан жолугушууга МАССтын Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Н.В.Донская, МАССтын Аткаруу комитетинин адистери, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Новосибирск шаарындагы өкүлчүлүгү, туризмди тейлеген тиешелүү органдардын жетекчилери, Сибирь федералдык округунан туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны «Сибирь келишими» региондор аралык ассоциациясынын Аткаруу комитетинин биринчи орун басары Н.В.Донская ачып, жыйындын катышуучуларына МАССтын Аткаруу комитети Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте «Сибирь келишими» региондор аралык ассоциациясынын Аткаруу комитетинин жол картасын түзүшкөнүн маалымдады. Тышкы экономикалык ишмердүүлүк, илим жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, дене тарбия жана спорт, айыл чарба жана туризм сыяктуу алты багытты камтыган өз ара кызматташуу жана  «Сибирь келишими» ассоциациясына мүчө болгон региондор менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык жаңы жемиштүү багыттарга ээ болорун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев өз сөзүндө иш-чараны уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн МАССка ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин кеңири талкуулоого мүмкүндүк берерин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын жана Сибирдин туристтик компанияларынын ортосунда тыгыз байланыштарды орнотууга жана өнүктүрүүгө, андан ары өз ара туристтик агымдын өсүшүнө оң түрткү берерине ишеничин билдирди.

К.Маматалиев туризм тармагы чет элдик туристтерди тартууга гана эмес, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жана жаңы туристтик маршруттарды түзүүдө кеңири мүмкүнчүлүккө ээ экенине токтолду.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Н.Надырбеков саламдашуу сөзүндө, Кыргызстандын өзгөчө тоо ландшафтына жана уникалдуу климаттык өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасы ден-соолукту калыбына келтирүү жана ден соолукту чыңдоо, спортчуларды мелдештерге даярдоо, эс алуу үчүн эң ыңгайлуу жер болуп санала тургандыгын билдирди.

С.Н.Надырбеков туризмдин приоритеттүү багыттары ден соолукту чыңдоочу, маданий-агартуучулук, элеттик жана экологиялык деп атады. Ал белгилегендей, өлкөдө туристтерди тартууга багытталган бир катар спорттук, маданий жана ишкерчилик багытында иш-чаралар өтүп жатат. Алардын бири “Issyk-Kul ITF-2022” эл аралык туристтик көргөзмөсү, анын максаттары туристтик уюмдардын ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү, жергиликтүү кооз, көрүнүктүү жерлерди жана туристтик продукцияларды жайылтуу болуп саналат.

Ошондой эле, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Е.В.Усенова жана «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» акционердик коомунун президенти Е.А.Калашникова туризм тармагындагы кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасашты.

Уюштуруучулардын жана катышуучулардын баяндамасынын кийин онлайн жолугушуунун катышуучуларына  «Ысык-Көл ITF-2022» эл аралык жарманке-көргөзмөсү тууралуу видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле келечекте боло турган көргөзмө жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK