Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү

864

Мурда маалымдалгандай, 2022-жылдын 14-июлунда «Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Федералдык мыйзамга жана Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген.

Бул өзгөртүүлөргө ылайык, манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө тартуудан, ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүү милдети 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россия Федерациясына келген жарандарга  жайылтылат. Жарандар жогоруда аталган мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир жүз сексен календардык күндүн ичинде, башкача айтканда, 2023-жылдын 10-январына чейин бул жол-жоболордон өтүшү керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK