2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу маалымат.
Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандарын 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат.
Добуш берүү үчүн жаран Кыргыз Республикасынын БШКнын сайтындагы (шилтеме: https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml) шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап, көрсөтүлгөн шайлоо участкасына келүүсү керек. УШКлардын даректери:
Новосибирск ш. Крылова көчөсү, үй-64/1, УШК 9010
Томск ш. Ленин көчөсү, 16-үй, УШК №9020
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.