Пресс-релиз

728

2022-жылдын 25-26-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов баштаган Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Новосибирск шаарындагы Новосибирск – Россиянын жаңы жылдык борбору» майрамдык салтанатка катышуу үчүн иш сапары менен болду. Жумушчу сапардын алкагында Башкы консул К.Маматалиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясынын делегациясынын Новосибирск шаарынын вице-мэри Геннадий Захаров менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө боордош Ош жана Новосибирск шаарларынын ортосундагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну арттыруу, ошондой эле эки шаардын мэрияларынын 2022-2025-жылдарга кызматташуу программасынын пункттарын тез арада ишке ашыруу маселелери каралды.

Иш сапардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы келе жаткан Жаңы жыл майрамына Новосибирск шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган маданий иш-чаралар менен таанышып, «Новосибирск – Россиянын жаңы жылдык борбору» долбоорунун Новосибирск мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында расмий ачылышына катышты.

  • 2022-жылдын 25-26-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов баштаган Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Новосибирск шаарындагы Новосибирск – Россиянын жаңы жылдык борбору» майрамдык салтанатка катышуу үчүн иш сапары менен болду. Жумушчу сапардын алкагында Башкы консул К.Маматалиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясынын делегациясынын Новосибирск шаарынын вице-мэри Геннадий Захаров менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK