Дипломатиялык миссиянын башчысы

БИОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ  

 

 АЙДАРБЕКОВ АЙБЕК АКМАТБЕКОВИЧ

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу

 

1978-жылы 3-февралда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн

 

Билими:

 

1995-1999 -жылдар.    Кыргызстан Эл аралык Университети, «Эл аралык мамилелер» адистиги

2000-2002 - жылдар.   Кыргызстан Эл аралык Университети, «Эл аралык укук» адистиги

2011-2013 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, «Мамлекеттик башкаруу» адистиги

 

Кесиптик ишмердүүлүгү:

 

1999-2000 - жылдар.   И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин Чыгыш тилдери жана маданияттары институтунун тышкы байланыштар бөлүмүнүн инспектору

2000-2006 - жылдар.   Чыгыш тилдери жана маданияттары институтунун тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, директордун тышкы байланыштар жана маданий иштер боюнча орун басары, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин эл аралык мамилелер жана коомдук-саясий илимдер кафедрасынын окутуучусу.

2006-2010 -жылдар.    «Эсен Эйр» авиакомпаниясынын аткаруу директору

2010-2011 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын адиси

2011-2012 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси

2012-2015 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти

2015-2016 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары

2016-2021 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы

2021-2022 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары

2022-2023 - жылдар.   Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси

2023-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугуна дайындалган жана курамына Алтай Республикасы, Алтай аймагы, Кемерово, Новосибирск, Омск жана Томск областтары.

 

Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчи дипломатиялык рангдын ээси, Мамлекеттик кызматтын III-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

                                       

 Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппартынын Грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын ТИМдин  Ардак Грамотасы менен сыйланган ошондой эле өнүктүрүүгө    кошкон салымы үчүн КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Евразия экономикалык биримдигинин , Шанхай кызматташтык уюмунун медалдар менен сыйланган. 

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.