КРнын ТИМнин Пресс-релизи 2021-жылдын 29-апрели

3699

Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда  2021-жылдын  28-29-апрелинде  болгон чек арадагы окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин жана башка өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын сүйлөшүндө эки өлкөнүн ортосундагы чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Тараптардын биргелешкен мындан аркы аракеттери талкууланды.

    Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз жана тажик тараптардын курмандыктарына жана жаракат алууларына алып келген чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык  сүйлөшүүлөр  аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

    Министр Р.Казакбаев кыргыз тарабы башка аймакка көз артпай тургандыгын жана өзүнүн жерин эч ким менен бөлүшүү ниети жок экендигин белгилеп кетти. Бул жааттан алганда бардык чек ара жана чарба маселелери кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөөттүк делегациялардын  алкагында  жогорку өкүлдөрдүн катышуусу менен сүйлөшүүлөр столунда чечүү зарылдыгын өзгөчө белгилеп кетти.

    Эки мамлекеттин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн, өзгөчө чек ара райондорунда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо, жергиликтүү калк арасында абалдын чыналуусуна алып келип жаткан бардык аракеттеди басууну баса белгиледи.

КРсы менен ТРнын Тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы  боюнча саат 20:00дөн  баштап  ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилди.

    Ошондой  эле  эн жакынкы сааттарда кырдаалды андан ары жөнгө салуунун деталдарын талкулоо үчүн Тараптардын жергиликтүү башкаруу органдарынын  өкүлдөрүнүн катышуусу менен укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилеринин өзүнчө жолугушуусун өткөрүү келишимине келишти.

    Мындан аркы чаралар катарында Тараптар эки өлкөнүн жергиликтүү башкаруу органдарынын денгээлинде (облустук,райондук жана айылдык денгээлде) калк арасында чек ара кызматтарынын аймактык бөлүмдөрүнүн катышуусу менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, чек ара аймактарында абалга байкоо жүргүзүү, көзөмөлдөө үчүн аймактык структуралардын денгээлине укук коргоо органдарынын биргелешкен топторун уюштуруу жөнүндө ,ошондой эле болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн тышкы иштер органдарынын жана жеке министрлердин ортосунда түздөн- түз байланышты камсыз кылуу боюнча макулдашышты.

    Р.Казакбаев жана С.Мухриддин эки тарапты тен айрым деструктивдүү күчтөрдүн аракеттерине жана чагымчылыкка алдырбоого чакырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK