Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
Россия Федерациясынын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын ар бир бойго жеткен жараны добуш берүүгө укуктуу, аны ишке ашыруу үчүн Россиядагы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук органдарында биометрикалык каттоодон өтүү зарыл. Бул процедуралардан өткөндөн кийин гана Кыргыз Республикасынын жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана добуш бере алат.
Шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылган шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн тактап алуусу керек.