2022-жылдын 17-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн каттоо (алмаштыруу) маселелери боюнча жарандарды кабыл ала баштайт.
2022-жылдын 17-январынан тартып Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн каттоо (алмаштыруу) маселелери боюнча жарандарды кабыл ала баштайт.
Айдоочулардын күбөлүктөрүн алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
- айдоочунун күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда;
- айдоочунун күбөлүгүндө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
- айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдаланууга жарамсыз болуп калса;
- айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо.
Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
- Арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
- Россия Федерациясынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
- алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
- Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
- Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготсоңуз, төмөндөгү документтерди тапшырышыңыз керек: