Пресс-релиз

1200

2022-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев менен РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик бюджеттик мекемеси Я.Л. Цивян атындагы травматология жана ортопедия илимий изилдөө институнун (Я.Л. Цивянь адындагы Новосибирск НИИТО) директору менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Я.Л.Цивян атындагы НИИТОдо Кыргызстандын медициналык кадрларын даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, биргелешкен окуу семинарларын, конференцияларды өткөрүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын медициналык окуу жайлары менен жана Я.Л. Цивянь адындагы Новосибирск НИИТО өз ара кызматташууну уюштуруу маселелери талкууланды.

Башкы консул К.Маматалиев кыргыз тараптын Я.Л.Цивян атындагы НИИТО менен медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелеринде жана травматология тармагындагы биргелешкен изилдөөлөр жана башка тармактарда тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо органдары менен жолугуп, алака түзүү үчүн Кыргызстанга Я.Л.Цивян атындагы Новосибирск НИИТОнун делегациясынын сапарын уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

 

  • 2022-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев менен РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик бюджеттик мекемеси Я.Л. Цивян атындагы травматология жана ортопедия илимий изилдөө институнун (Я.Л. Цивянь адындагы Новосибирск НИИТО) директору менен жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK