Элчиликтин 2022-жылдын 22-сентябрындагы маалыматтык билдирүүсү

1190

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк  жарандардын тез арада чыгып кетүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтар таркалып жатканына байланыштуу, Элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет.

Россия Федерациясында жүргүзүлүүчү жарым-жартылай аскердик мобилизациялоо  Россия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү. Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Россия Федерациясынын аймагында жүрүүнү уланта алышат.

Элчилик кыргызстандыктарды ар кандай провокацияларга алдырбоого, Россия Федерациясынын аймагында жүргөндө бейрасмий маалыматтарды колдонбоого, ошондой эле уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK