Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуудан адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты

1367

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. 

“Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат Мамлекет башчынын телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK