КР ТИМинин 2023-жылдын 12-сентябрына карата маалыматтык билдирүүсү

178

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, 2023-2024-окуу жылына карата Омск, Томск жана Горно-Алтай шаарларындагы жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 229 абитуриент, алардын ичинде 203 абитуриент бюджеттик окуу формасында, төмөнкү жогорку окуу жайларына кабыл алынган:

1. Томск шаарынын жогорку окуу жайлары:

  • Сибирь мамлекеттик медициналык университети – 33 адам (бюджет – 27);
  • Томск мамлекеттик университети – 109 адам (бюждет – 109) (Ошондой эле “Биримдик” коомдук фондусунун көмөгү менен);
  • Томск мамлекеттик башкаруу системалары жана радиоэлектроника университети – 26 адам (бюджет – 26);
  • Томск политехникалык университети – 13 адам (бюджет – 13);
  • Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети – 8 адам (8-бюджет).

2. Омск шаарынын жогорку окуу жайлары:

  • Омск гуманитардык академиясы – 13 адам;
  • Омск мамлекеттик медициналык университети – 7 адам;
  • Омск мамлекеттик техникалык университети – 6 адам;
  • Омск мамлекеттик жол байланыш университети – 3 адам (3-бюджет);
  • П.А.Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети – 2 адам (бюждет – 2);миека
  • Сибирь Мамлекеттик автомобиль жана жол университети – 1 адам (бюджет – 1).

3. Горно-Алтайск шаарындагы жогоркуу окуу жайлары:

  • Горно-Алтайск мамлекттик университети – 8 адам (бюджет – 8).

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 3 - 11 июлунда Кыргыз Републикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулу, Омск, Томск жана Горно-Алтайск шаарларын алдыңкы жогорку окуу жайларынын көчмө кабыл алуу комиссияларынын Бишкек жана Ош шаарларына иш сапарын уюштурууда көмөк көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу, Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринде Томск жана Омск шаарларынын жогорку окуу жайлары менен бирге 2024-2025-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын абитуриенттерине Сибирь жогорку окуу жайларына окууга өтүү боюнча биргелешкен ишин 2023-жылдын сентябрынан тартып баштады

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK