Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө

149

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултайга даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Россия Федерациясынын компетенттүү органдарында Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн кыргыз коомдук уюмдарынын укук белгилөөчү документтерин чогултуу боюнча иштер башталды.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Элдик Курултайга катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүүнүн төмөнкү алгоритмине көңүл бурууну өтүнөт:

  • Коомдук уюмдарга Элдик Курултайга катышууга делегат көрсөтүү укугун берүү максатында документтер 2023-жылдын 13-октябрына чейин кабыл алынат.
  • Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо укугу Элдик Курултайга делегаттарды түзүүдө катышуучулардын тизмесине кирген коомдук уюмда болот.
  • Коомдук уюм тизмеге бул уюмдун Россия Федерациясында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде киргизилет.
  • Ошол эле учурда төмөнкүлөр Элдик Курултайдын делегаттары боло албайт:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;

– Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок адамдар;

– соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;

– мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар адамдар, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, алардын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлбаганына карабастан;

– 21 жашка чейинки адамдар.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу  Элдик Курултайга катышууга делегаттарды көрсөтүүнү каалаган коомдук (Новосибирск обл., Омск обл., Томск обл., Кемерово обл., Алтай аймагы, Республика Алтай) уюмдардан 2023-жылдын 9-октябрына чейин тиешелүү документтерди (уюмдун Россия Федерациясында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисинин дарегине жазуу жүзүндөгү арыз) берүүнү өтүнөт  (дареги: Новосибирск ш., Семьи Шамшиных көчөсү 30, почта индекси 630099 эл.почта: konsulsib.kg@mail.ru).

Жазуу жүзүндөгү кайрылуунун үлгүсү тиркелет.

 

Кыргыз Республикасынын

Россия Федерациясындагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу

Элчиси Г.-К.Саматка

_______________________________

_______________________________

_______________________________

(коомдук уюмдун жетекчисинин аты-жөнү)

  

Урматтуу Клара Саматовна,

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүнүн катышуучуларынын тизмесине _________________________________________________________

(аталышы)

 

__________________________________________________________________ коомдук уюмду киргизүүнү өтүнөбүз.

 

         Тиркеме: Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

 

         Урматтоо менен,

  

         Колу жана датасы:

 

         Коомдук уюмдун мөөрү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK