Москва шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук консультациялар болуп өттү

129

2023-жылдын 28-сентябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эки өлкөнүн консулдук кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде кезектеги консулдук консультациялар болуп өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө делегациялар консулдук чөйрөдөгү тараптардын өз ара аракеттенүү, Кыргызстандын жана Россиянын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз ара сактоо маселелерин кеңири талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Консулдук конвенциянын, Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору А.Букалаев Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги көйгөйлүү маселелерин, атап айтканда, эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгү, ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо, соттолгондорду өз өлкөсүнө (жарандыгы боюнча) которуу, жарандардын аялуу категорияларына карата административдик жазанын катаал эмес түрүн колдонуу сыяктуу негизги көйгөйлүү маселелерди айтты.

Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргыз Республикасынын жаңы консулдук мекемелеринин ачылышына байланыштуу аларды жайгаштыруу, ошондой эле консулдук кызматкерлерди аккредитациялоо маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Тараптар консулдук чөйрөдөгү маселелерди ыкчам чечүү үчүн мамлекеттер ортосунда консулдук консультацияларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү макулдашты.

Консультациялардын жыйынтыгында россия тарабына Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалынын көйгөйлүү маселелери боюнча баяндама - каттар тапшырылды.

  • 2023-жылдын 28-сентябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эки өлкөнүн консулдук кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде кезектеги консулдук консультациялар болуп өттү.
  • 2023-жылдын 28-сентябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эки өлкөнүн консулдук кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде кезектеги консулдук консультациялар болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK