X Кыргыз-Россия региондор аралык «Кыргызстандын жана Россиянын өндүрүштүк кооперация» конференциясы 2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында өтөт

126

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги, Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министрлиги, Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен биргеликте, 2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында пландаштырылган Кыргыз-Россия региондор аралык «Кыргызстандын жана Россиянын өндүрүштүк кооперация» конференциясына даярдык иштерин көрүүдө.

Конференция Кыргызстандын жана Россиянын региондор ортосундагы бизнес чөйрөсү менен уюмдарынын практикалык кызматташуусунун кеңейтүү максатында өткөрүлүдө жана экономикалык чөйрөсүндөгү эң масштабдуу жана маанилүү эки тараптуу коомдук иш-чаралардын бириси болуп саналат.

Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров жетектейт.

Россия делегациясын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А.Л.Оверчук жетектейт.

Сессияда Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик бийлик органдарынын, тармактык ассоциациясынын, меймандостук тармагындагы билим берүү мекемелеринин, мейманкана индустриясынын жана профилдик уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Конференциянын концепциясы эки тараптуу кызматташуудагы актуалдуу темаларда пленардык жыйналыш жана 4 панелдик сессиялык ишин өткөрүүнү болжолдойт.

Иш-чаранын алкагында өндүрүштүк кооперацияны жана кыргыз-россия долбоорлорун каржылоо инструментерин, ЕАЭС мейкиндигинде региондор ортосундагы соода-экономикалык кызматашуу, туриндустриянын өнүгүү келечеги, айыл чарба жана ритейл тармагынын рынагындагы актуалдуу трендеринин маселелерин талкулоо пландалууда, ошондой эле, кыргыз-россия бизнес кеңешинин жыйыны жана В2В сессиялары өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK