Башкы консул А.Айдарбеков Сибир мамлекеттик жолдор жана байланыштар университетинин ректору А.Манаков менен жолугукту

274

2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.Айдарбеков Сибир мамлекетттик жолдор жана байланыштар университетинин (МЖБУ) ректору А.Манаков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Өкмөтү тарабынан Россия Федерациясынын ЖОЖдоруна жыл сайын берилүүчү квоталардын алкагында, Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү (КР Транспорт министрлиги, "Кыргыз Темир жолу" МИ) тарабынан "темир жолдорду куруу", "көпүрөлөр тоннелдер", "өнөр жай жана жарандык курулуш", "темир жол транспортунда ташуу процесстерин башкаруу", "инженердик-экономикалык факультет" сыяктуу тармактар боюнча жогорку адистештирилген адистерди алкактык келишим түзүү аркылуу Кыргызстандын студенттерин кабыл алуу жана жана окутуу маселелери талкуулашты.

МЖБУ Кыргыз Республикасынан студенттерди окутууга жана профилдик ЖОЖдору менен тажрыйба алмашууга жана адистердин квалификациясын жогорулатууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле, МЖБУ менен 2024-жылында Кыргыз Республикасында кыргыз абитуриенттеринин документтерин кабыл алуу үчүн көчмө кабыл алуу комиссиясын уюштуруу маселелери талкууланылды.

Мындан тышкары, Башкы консул А.Айдарбеков окуу кабинеттери жана лабораториялары менен таанышып, МЖБУнун студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

  • 2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.Айдарбеков Сибир мамлекетттик жолдор жана байланыштар университетинин (МЖБУ) ректору А.Манаков менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK