Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын алуусу менен куттуктоо
Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулудугу, “Бакай Ата” компаниялар тобунун башкы директору К.М.Акаевды Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алышы менен куттуктайт.