Президент Садыр Жапаров ЖЕЭК жыйынында: Биргелешкен аракеттердин аркасында биз макроэкономикалык туруктуулукту жана каржы системасынын бекемдигин камсыз кылдык

167

 

“Биргелешкен аракеттердин аркасында биз макроэкономикалык туруктуулукту жана каржы системасынын бекемдигин камсыз кылдык. Биримдиктин экономикасы жаңы шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашып, туруктуу өсүү траекториясына чыкты”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:

“Урматтуу Мамлекет башчылары,

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин отурумунун бардык катышуучуларына чын жүрөктөн саламымды айтам. 

Бүгүнкү жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана Биримдиктин иштешинин жана өнүгүшүнүн өтө актуалдуу жана маанилүү маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн Россия тарапка жана жеке урматтуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путинге терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу кесиптештер, 

Глобалдык геоэкономикалык чакырыктардын, дүйнөлүк сооданын өзгөрүп турган шарттарынын терс таасиринин абдан күчөшүнө карабастан, өтүп бара жаткан жылы ишибиздин дээрлик бардык багыттары боюнча биз Биримдиктин андан аркы интеграциясын камсыз кыла алдык.

Биргелешкен аракеттердин аркасында биз макроэкономикалык туруктуулукту жана каржы системасынын бекемдигин камсыз кылдык. Биримдиктин экономикасы жаңы шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашып, туруктуу өсүү траекториясына чыкты. 

Биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана өздүк өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер улантылууда. 

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда кооперациялык кызматташтык активдешүүдө. Өз ара сооданын жалпы көлөмүндө кооперациялык товарлардын салыштырма салмагы 2022-жылы 38 % га чейин өстү.

Этап-этабы менен өз ара соодада улуттук валюталардын үлүшү көбөйүүдө. 

Электрондук соода активдүү темп менен өнүгүүдө, алсак, Биримдикке мүчө-мамлекеттердин электрондук соода рынокторунун жалпы көлөмү 2022-жылы 80 миллиардга жакын АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда, жалпы чекене электрондук сооданын үлүшү өлкөгө жараша 2% дан 12,5% га чейин өзгөрөт.

Ошону менен бирге, дүйнөдө экономикалык өнүгүү боюнча болжолдоолор анчалык оптимисттик эмес. Кийинки жылдарда да өсүш темпинин жана рецессиянын кескин төмөндөшү күтүлүүдө. Катаал дүйнөлүк финансылык конъюнктуранын жана тышкы суроо-талаптын деңгээлинин төмөндөшүнүн фонунда инфляциялык басым күчөйт. 

Урматтуу Мамлекет башчылары, 

Жетишилген натыйжаларга карабастан биздин Биримдиктин интеграциялык процесстерин тереңдетүү боюнча биргелешкен ишти улантуубуз зарыл. 

Тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдык тренддер жана чакырыктар Биримдикти узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиялык документин тез арада даярдоо жана кабыл алуу зарылдыгын талап кылууда. 

Бүгүн биздин отурумдун тар курамында кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоодон тышкары, биз "ЕАЭБ алкагында 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Декларациянын долбоорун карадык. 

Бул декларацияны ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгууда ЕАЭБтин иштешинин негиз салуучу принциптерин камсыз кылуу маселелерине, тактап айтканда товарлардын, жумушчу күчүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу бөлүгүнө кылдат мамиле кылуу маанилүү деп эсептейм. 

Бул багытта Биримдиктин ичинде өз ара сооданын алкагында товарлардын эркин жүрүү принцибин бир беткей чечмелөө жана жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл. 

Контролдоочу органдар бизнестин эң баалуу ресурсу убакыт экендигин так түшүнүшү керек. Ушуга байланыштуу, биз негиз болуучу документтердин деңгээлинде бардык ченемдик боштуктарды жана Биримдиктин укугунда каралбаган контролдун жашыруун түрлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышыбыз керек. 

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун билдирилген максаттарына жетүү үчүн биз алар бара жаткан жолдо навигациялык пломбалар астында жүрүүчү Биримдиктин товарларына карата тыкыр кароо иш-чараларын жүргүзүүгө жол бербөө жөнүндө ченемдерди бекитишибиз керек, башкача айтканда, тыкыр кароо иш-чараларын товарлар жеткирилген жерде гана жүргүзүшүбүз керек.

Муну менен катар биз Биримдиктин ичинде товарларды өткөрүүдө контролдоочу органдардын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн катышуучуларынын ишине ашыкча кийлигишүүсүн минималдаштыруу үчүн Биримдиктин товарларын көзөмөлдөө жана маркировкалоо системасын толук кандуу ишке киргизүүбүз керек.

Урматтуу достор, 

Дүйнөлүк экономика масштабдуу трансформация баскычынан өтүп жатат. Чектөө чараларынын таасири астында жана Чыгыш өлкөлөрүндө өнүгүү жана керектөө деңгээлинин жогорулашы соода агымынын географиясын өзгөртүүдө.  

Бул шарттарда автомобилдик ташуулардын ролу олуттуу өсүүдө. Автомобиль транспорту жаңы транспорттук коридорлорду өздөштүрүүнүн эң ылдам жана ийкемдүү куралы бойдон калууда. 

Ошону менен бирге, транспорттук агымдардын айрым багыттары боюнча чек арада контролдук иш-чаралардын өтүү убактысы узарып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Айрым өткөрүү пункттарынын азыркы инфраструктурасы жүк ташуулардын көбөйгөн көлөмүн иштеп чыгууга мүмкүндүк бербейт.

Тар келип, чыга албаган проблемаларды чечүү үчүн биз Биримдиктин тышкы чек арасында гана эмес, ички чек араларда да өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүүбүз зарыл.

Ошондой эле Биримдиктин ичинде транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү максатка ылайыктуу болуп турат. 

Ички периметрдеги өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугунун сандык жана сапаттык индикаторлорун киргизүүнү, анын ичинде биздин ички чек аралар аркылуу өтүүчү негизги транспорттук коридорлордо өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана көбөйтүү маселелерин биргелешип кароону сунуштайм.

Атап айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы ички өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселесин карап чыгууну сунуш кылам. 

Урматтуу кесиптештер,

Фискалдык чөйрөдө санариптик долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө кызматташтыкты активдештирүү маанилүү болуп турат.

Бул багытта Кыргыз Республикасында салык жана бажы органдарынын ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу максатында фискалдык жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бир катар реформалар жүргүзүлдү. 

Онлайн режиминде иштеген контролдук-кассалык аппараттар, электрондук эсеп-фактуралар жана электрондук түрдөгү товардык-транспорттук коштомо кагаздар киргизилди. 

Мамлекеттик реестрлерде жана маалымат базаларында топтолгон чоң маалыматтарды иштеп чыгуу башталды. 

Ошону менен бирге, мүчө мамлекеттерде санариптештирүүнүн ар кандай деңгээлине байланыштуу электрондук товардык-коштоочу документтердин бирдиктүү форматтарына жана түзүмдөрүнө өтүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. 

Буга байланыштуу, "ЕАЭБ санариптик күн тартибин" ишке ашыруунун алкагында өлкөлөр ортосундагы санариптик ажырымды теңдөө үчүн мүчө-мамлекеттердин ортосунда топтолгон тажрыйбаны, даяр чечимдерди жана технологияларды өткөрүп берүүнү жөнгө салууну сунуштайм.

Маалыматтык өз ара аракеттенүүдө ишенимдин тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу кызыкчылыгында транс чек аралык ишеним мейкиндигинин бардык элементтерин ыкчам ишке киргизүү, ушул жылы ишке киргизилген жаңы корголгон маалымат берүү тармагында интеграцияланган маалыматтык системанын ишин камсыз кылуу жана электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен жалпы процесстерди ишке киргизүү зарыл деп эсептейбиз.

Урматтуу достор, 

Биз биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылоо инструменттерин өнүктүрүүдө чоң кадам жасадык. 

Пилоттук долбоордун алкагында Комиссия жана өнүктүрүү институттары тарабынан инвестициялык долбоорлорду тандоо, түзүмдөштүрүү жана каржылоо жол-жоболорун апробациялоо пландаштырылууда.

Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе - бүгүнкү күндө кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда колдо болгон потенциал жана топтолгон тажрыйба жагынан өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр жакка ооп жатышы сакталууда. 

Ушуга байланыштуу кооперациялык долбоорлорду колдоонун финансылык механизмдери менен катар чакан экономикасы бар өлкөлөрдүн өнүктүрүү институттарынын долбоорлорду даярдоо жана тандоо жагында потенциалын жогорулатуу боюнча натыйжалуу механизмдерди кароо максатка ылайыктуу. 

Чакан экономикасы бар өлкөлөрдүн негизги кооперациялык долбоорлорго катышуу келечегин көбөйтүүчү, кошумча нарк тизмегин түзүүчү жана квалификациялуу жумушчу күчүнө муктаждыгы жогору өндүрүштөрдү локалдаштыруучу кошумча критерийлерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайм.  

Урматтуу кесиптештер, 

Бирдиктүү эмгек рыногун андан ары өнүктүрүү маселеси өзүнчө көңүл бурууну талап кылат. 

Экономикалык өсүштүн жогорку темптерине, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө биздин өлкөлөрдүн эмгек потенциалын чыңдоосуз жана өнүктүрүүсүз жетишүү мүмкүн эмес. 

Азыркы учурда эмгек рыногунда жаңы шарттарга көнүүдө ыкчамдуулукту талап кылган олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Технологиянын өнүгүшү жумушка орношуунун жаңы ийкемдүү, мисалы, өз алдынча иштөө, платформа жана телекоммуникация сыяктуу формаларына алып келет. 

Жумуштун бул формалары Биримдиктин ченемдик базасына караганда барган сайын популярдуулукка ээ болуп, тезирээк өнүгүп жатат, Бул жумушчулар жана жумуш берүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. 

ЕАЭБ жөнүндө келишимде камтылган "эмгекчи" деген аныктама, жумуштарды аткарууга эмгектик же жарандык-укуктук келишими бар кызматкер катары азыркы реалдуулукка жооп бербей турганы анык. 

Буга байланыштуу "эмгекчи" түшүнүгүн ага ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруучу, мисалы, өз алдынча иштегендер, дистанциялык жана платформалык кызматкерлер сыяктуу башка категориядагы жактарды да кошуу менен кеңейтүүнү сунуштайм.

Урматтуу достор, 

Сиздер билгендей, 2022-жылдын май айынан тартып Евразия Экономикалык Бирликте кыргыз тараптын жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ЖОЖдорунун демилгеси боюнча консорциум формасында түзүлгөн Евразия тармактык университети иштейт. 

Кыска убакыттын ичинде алар олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Евразия тармактык университетинин консорциуму тарабынан моделдик магистрдик программа, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн жарандары окуй турган кошумча кесиптик даярдоо программасы иштелип чыккан. 

ЕАЭБде орто кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурууга убакыт жетти. 

Дал ушул орто техникалык адистиктер боюнча билим берүү жана кадрларды даярдоо биздин Биримдиктин эмгек рыногунда азыр мурда болуп көрбөгөндөй суроо-талапка ээ. 

Евразия экономикалык комиссиясына бул уюмдардын ишине көмөк көрсөтүүнү жана мүмкүн болушунча алардын демилгелерин илгерилетүүдө колдон келген уюштуруучулук-протоколдук колдоо көрсөтүүнү сунуштайм.

Урматтуу кесиптештер, 

Жыйынтыктап айтканда урматтуу Михаил Владимирович Мясниковичке Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы кызматында иштеген мезгилинде натыйжалуу ишмердүүлүгү жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирем, ошондой эле бул жооптуу кызматка көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу Бакытжан Сагинтаевди куттуктаймын жана бардык ийгиликтерди каалайм.

Ошондой эле ЕАЭБ Коллегиясынын жана Сотунун жаңы курамын куттуктап, ийгиликтүү иштешин каалайм.

Россия Федерациясынын Президенти урматтуу Владимир Владимирович Путиндин жеке өзүн жана Россия тарапты Биримдиктин органдарында россиялык төрагалыктын жылын ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктайм. 

Ошондой эле бардык мамлекет башчыларына жана жыйындын катышуучуларына конструктивдүү иштери үчүн ыраазычылык билдирем.

Келе жаткан Жаңы жылды эске алуу менен, урматтуу достор, ушул жаркын майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, 2024-жылы баарыңыздарга бекем ден соолук жана бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук, ийгиликтерди каалайм!

Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат!”.

 

  • “Биргелешкен аракеттердин аркасында биз макроэкономикалык туруктуулукту жана каржы системасынын бекемдигин камсыз кылдык. Биримдиктин экономикасы жаңы шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашып, туруктуу өсүү траекториясына чыкты”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK