Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматтык билдирүүсү

196

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы “2024-жылга майрам күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна ылайык 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 7-январына чейинки мезгил эс алуу күндөрү катары белгиленген. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу бул күндөрү жарандарды кабыл албайт.

Ошону менен бирге, КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу  мекендештер консулдук-укуктук жардамды токтоосуз алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгондо, алардын кайрылууларына тез арада жооп берүү үчүн ыкчам телефондор иштейт: +79538017818, +79831323867, +79039474373, +79134615482.

Эс алуу күндөрүн эске алуу менен Башкы консулдука барууну башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK