Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматтык билдирүүсү, 2020-ж. 6-март

5240

    Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу билдирет, Казакстан тараптын маалыматына ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча кырдаал токтолушуна чейин                           2020-жылдын 8-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) жана балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү (16-жашка толбогон), Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган аныктама менен Казакстан Республикасынын чек арасынан өтүү убактылуу токтотулат.

         Ошого байланыштуу, Башкы консулдук өзүнүн консулдук округунун аймагында (Алтай Республикасы, Алтай крайы, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск областарында) жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына Казакстан Республикасына болгон сапарларын (кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү) Кыргызстандын жалпы жарандык (чет элдик) паспортунун негизинде жүргүзүүнү сунуштайт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK