Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 24-декабрында түзүлгөн. Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгын биринчи болуп тааныган. 1992-жылы апрелде Бишкек шаарында ТРнын Элчилиги, 1992-жылы октябрда Анкара шаарында КРнын Элчилиги ачылган. 1994-жылы апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө Токтом кабыл алган.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, дин, өз ара урматтоо жана саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө тыгыз кызматташтыкты кеңейтүү каалоосунда өнүгүп келе жатат. Эки тараптуу кызматташтыктын принциптери эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринен жана улуттук кызыкчылыктардан, ошондой эле теңдик жана достук мамилелерден келип чыгат.

Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ички мазмунун жана рухун чагылдырган негизги документтер: 1997-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жана 1999-жылдын 1-июлундагы "Кыргызстан жана Түркия: ХХI кылымга бирге" Биргелешкен билдирүүсү жана 2011-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңешти түзүү боюнча билдирүү.

КР менен ТРнын ортосундагы кызматташтык стратегиялык статуска ээ, ал КР менен ТРнын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеш (СКЖК) түрүндө бекитилген.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүүдөн бери үзгүлтүксүз түрдө саясий диалог жүргүзүлүп келе жатат, тараптар туруктуу негизде ар түрдүү деңгээлдеги делегациялар менен алмашуу жүргүзүп келүүдө.

2016-жылдын 16-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп Түркия Республикасынын бийлигине колдоо көрсөткөн. Кыргызстан Түркиянын мыйзамдуу шайланган мамлекеттик органдарын колдой тургандыгын билдирип, демократиялык жана эркин шайлоолордо шайланган лидерликти кулатуу үчүн аскер күчүн колдонууну кароого болбойт. Кыргыз Республикасы, Түркия Республикасындагы мыйзамдуу шайланган мамлекеттик бийлик органдарын колдоп, демократиялык жана эркин шайлоонун негизинде шайланган жетекчиликти кулатуу үчүн аскер күчүн колдонуу кабыл алынгыс көрүнүш экендигин билдирген.

2018-жылы өткөрүлгөн бир катар жолугушуулар жана иш сапарлар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташтыкка дагы импульс берди. Алардын арасында 2018-жылдын 8-11 апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин С.Ш.Жээнбековдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапары. 2018-жылдын 1-3 сентябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапары. Расмий иш-сапардын алкагында,  Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отуруму болуп өттү, Түркия Республикасынын Президенти Р.Т.Эрдоган Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Жетекчилеринин 6-чы Саммитине жана Бүткүл дүйнөлүк 3-көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине катышты.

2019-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.Өмүралиев Түркиянын Президенти Р. Эрдоганга Ишеним грамотасын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун 2019-жылдын 6-8 майындагы Түркия Республикасына болгон иш сапары эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө түрткү берди. Иш сапардын алкагында, Биргелешкен стратегиялык пландоо Тобунун үчүнчү жыйыны болуп өттү.

2020-жылдын 14-майында Кыргызстан жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде видео байланыш аркылуу эки тараптуу саясий консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелери, анын ичинде коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү масалеси дагы талкууланды.

Парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында, 2019-жылдын 14-18-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы Дастан Жумабековдун Түркияга сапары болуп ѳттү жана сапардын алкагында Президент Режеп Тайип Эрдоган жана Түрк парламентинин Төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу кызматташуунун маселелери талкууланды (Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын экс-Спикери Бинали Йылдырымдын Кыргызстанга иш сапары 2018-жылдын 6-декабрында болуп ѳткѳн). 2019-жылдын 25-30 июлунда Парламенттер аралык достук тобунун түрк делегациясынын Кыргызстанга сапары болуп ѳттү.

Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри К.Бороновдун иш сапарынын алкагында, 2019-жылдын 22-ноябрында Анкара шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык Комиссиянын 9-отуруму болуп өттү.

Кѳп тараптуу кызматташуунун алкагында, абдан маанилүү форматтардын бири Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңеши (ТМКК) болуп саналат. 2020-жылдын 10-апрелинде коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү темасында видео конференция аркылуу Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын кезексиз саммити болуп өттү.