Укуктук базасы

Кыргыз-Түрк мамилелери келишимдик-укуктук базасы, ар түрдүү тармактардагы кызматташтык маселелерин жөнгө салуу максатында 100дөн ашык макулдашуулардан, келишимдерден жана протоколдордон турат, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү, аскердик-техникалык жаатында.

Негизги эл-аралык келишимдер:

1. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүүсү жөнүндө протоколу (1991-жылдын 23-декабры, Москва шаары);

2. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы экономикалык жана соода-сатык кызматташуусу жөнүндө Макулдашуу (1991-жылдын 23-декабры, Анкара шаары);

3. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу (1992-жылдын 3-марты, Бишкек шаары);

4. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуу (1992-жылдын 29-апрели, Бишкек шаары);

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү тармагындагы кызматташуу жөнүндө келишими (1993-жылдын 3-марты, Анкара шаары);

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы консулдук мамилелер боюнча Макулдашуу (1993-жылдын 27-октябры, Анкара шаары);

7. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Консулдук Конвенция (1994-жылдын 14-октябры, Анкара шаары);

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

аба каттамдарды түзүү боюнча макулдашуу (1994-жылдын 14-октябры, Анкара шаары);

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Бишкек шаарында кыргыз-түрк “Манас” Университетин ачцц боюнча макулдашуу (1995-жылдын 30-сентябры, Измир шаары);

10. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жана кызматташуу келишими (1997-жылдын 24-октябры, Анкара шаары);

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндөгү Макулдашуу (1997-жылдын 24-октябры, Анкара шаары);

12. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтык жөнүндөгү биргелешкен билдирүү (200-жылдын 18-октябры, Бишкек шаары);

13. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы жарандык, соода жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жөнүндө макулдашуу (2006-жылдын 5-сентябры, Анкара шаары);

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКАнын Координациялык офисинин программалаларынын иши жөнүндө макулдашуусу (2006-жылдын 5-сентябры, Анкара шаары);

15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешти түзүү боюнча биргелешкен билдирүүсү (2011-жылдын 26-апрели);

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуусу (2011-жылдын 26-апрели, Анкара шаары);

17. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы жаңы тарыхий мамилелердин этабы жөнүндөгү мааракелүү биргелешкен билдирүү (2012-жылдын 12-марты, Анкара шаары);

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм тармагында макулдашуусу (2013-жылдын 10-апрели, Бишкек шаары);

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу (2014-жылдын 3-майы, Анкара шаары);

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик каржылык кызматташтык жөнүндөгү макулдашуу (Бишкек 23-декабрь, 2016-жылдын 23-декабры, Бишкек шаары), (2016-жылдын 30-декабры, Анкара шаары).

Негизги мекемелер аралык:

1. Кыргызстандын телерадио агенствосу менен Түркия радио жана телекөрсөтүүсүнүн кызматташтыгы жөнүндөгү протоколу (1992-жылдын 29-апрели, Бишкек  шаары);

2. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары менен Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарынын ортосундагы достук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу (199-жылдын 26-июну, Анкара шаары);

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө протоколу (1993-жылдын 16-августу, Анкара шаары);

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркия Республикасынын Билим берүү министрлиги ортосундагы макулдашуу (1996-жылдын 28-июну, Бишкек шаары);

5. Кыргыз Республикасынын социалдык Фонду менен Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу (2005-жылдын 9-марты, Бишкек шаары);

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ортосундагы эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык коргоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу (2005-жылдын 9-марты, Бишкек шаары);

7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Түркия Республикасынын кассациондук сотунун Башкы прокуратурасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандуму (2012-жылдын 4-декабры, Анкара шаары);

8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Түркия Республикасынын Түрк Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларды колдоо жана тартуу Агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (2013-жылдын 10-апрели, Бишкек шаары);

9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы өз ара аракеттешүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө протокол (2014-жылдын 3-майы, Анкара шаары);

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Түркия Республикасынын Борбордук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык тууралуу меморандуму (2016-жылдын 31-январы, Анкара шаары)