Түркиянын Анталия шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту

2059

2022-жылдын 12-мартында Түркиянын Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Түркияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоо жаатындагы бир катар маселелерди талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев белгилегендей, чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Министрлер кыргыз тараптын эки мамлекеттин чек арасынан жарандын ички паспортунун (ID-карта) негизинде өтүү жана визасыз режимди узартуу боюнча сунушун талкуулашты.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

  • 2022-жылдын 12-мартында Түркиянын Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту.
  • 2022-жылдын 12-мартында Түркиянын Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK