Акын, драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты Жеңишгүл Өзбекованын Стамбулдагы чыгармачылык жолугушуу кечеси

2150

2022-жылдын 25-февралында Стамбул шаарынын Маданият башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдук акын, драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жеңишгүл Өзбекованын чыгармачылык жолугушуу кечесин уюштурду.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары С.Раев, Стамбул шаарынын Маданият башкы башкармалыгынын музейлер бөлүмүнүн башчысы А.Чаглаян, кыргыз диаспорасынын, Туркиянын массалык маалымат каражаттарынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Жеңишгүл Өзбекованын чыгармачылык ишмердүүлүгү менен таанышып, атап айтканда, катышуучуларга анын автордук китептери, лирикалык чыгармалары жана тасмалары көрсөтүлдү. Катышуучулар акындын чыгармачылыгынын түрк тилдүү мамлекеттердин маданияттын өнүгүшүндөгү ролун жана таасирин талкуулашты.

Башкы консул Л.Сыдыкова өз сөзүндө акын жана драматург Жеңишгүл Өзбекова ата мекендик биринчи көркөм телесериалдын негиздөөчүсү, продюсери жана автору экенин баса көрсөтүп, анын «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Каражолтой» чыгармалары менен кыргыз жаш муундары өскөнүн белгиледи. Башкы консул Л.Сыдыкова акын жана драматургдун чыгармачылык ишмердүүлүгү ата мекендик кинематографиясынын өнүгүшүнө чоң салым кошконун баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK