2022 жылдын 29-сентябрда Түркия Республикасын иш сапар алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

2218

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалы менен таанышты. Андан сырткары кыргыз делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник сепилин алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргызлар турбеси” мемориалына барышты.

Иш сапардын аягында Садыр Жапаров Изник шаарындагы Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

  • 2022 жылдын 29-сентябрда Түркия Республикасын иш сапар алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK