2023-жылдын 26-январында Башкы консул Л.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаевдин Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары менен жолугушуусуна катышты

518

2023-жылдын 26-январында Түркия Парламентинин имаратында Элчи Р.Казакбаев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттарынын тобу: Адам укуктарынын бузулушун иликтөөчү комиссиянын төрагасы Хакан Чавушоглу, Коргоо комитетинин төрага орун басары Рефик Өзен, Айлана-чөйрөнү коргоо комиссиясынын төрага орун басары Мухаммет Муфит Айдын, Тергөө комитетинин төрага орун басары Осман Местен, Пландоо жана бюджет комитетинин мүчөсү Ахмет Кылыч жана Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Аттила Одунчтар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири алкактагы маселелерин талкуулашты. Өлкөлөр менен элдердин тарыхынын, маданиятынын жана тилинин жалпылыгына негизделген бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлине канааттануу билдирилип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Шакиевдин 2022-жылдын ноябрь айында Түркия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Элчи Р.Казакбаев түркиялык депутаттарга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмашуу демилгеси тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргыз Республикасы «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө бекем багыт алганын билдирди жана түрк тарапты бул ишке активдүү катышууга чакырды.

Тараптар экономика жана саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун мөөнөтүнөн мурда түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган саламаттыкты сактоо жана медициналык илим тармактарында кызматташуу боюнча макулдашууну кайрадан ишке ашыруу боюнча келишишти. Элчи Казакбаев берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүү шарттарын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бурса шаарындагы ардактуу консулу Билал Тутуш катышты.

  • 2023-жылдын 26-январында Түркия Парламентинин имаратында Элчи Р.Казакбаев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттарынын тобу: Адам укуктарынын бузулушун иликтөөчү комиссиянын төрагасы Хакан Чавушоглу, Коргоо комитетинин төрага орун басары Рефик Өзен, Айлана-чөйрөнү коргоо комиссиясынын төрага орун басары Мухаммет Муфит Айдын, Тергөө комитетинин төрага орун басары Осман Местен, Пландоо жана бюджет комитетинин мүчөсү Ахмет Кылыч жана Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Аттила Одунчтар менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK