Түркия Республикасындагы жер титирөөдөн жапа чеккен шаарлардагы мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүү жүрүп жаткандыгы боюнча маалыматтык билдирүү
Учурда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Газиантеп шаарында мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүп жаткандыгын билдиребиз.
Газиантеп жана коңшу аймактардагы бардык жардамга муктаж жарандарыбызды (+ 90 535 1077212) байланыш номерине кайрылууга чакырабыз.