Түркиядан чыгуу учурунда айып төлөмдөрү тууралуу

7136

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу,Түркиядагы «COVID-19» пандемия кырдаалы себебинен чет өлкөлөргө болгон авиакаттамдардын токтолушуна байланыштуу жана ошол учурда Түркияда визасыз калуу мөөнөтү же убактылуу жашаганга уруксатынын мөөнөтү бүтүп калган Кыргыз Республикасынын жарандарынан Түркиядан чыгуу учурунда айып төлөмдөрү алынбай тургандыгын маалымдайт.

Бул процедура Түркиядагы эл аралык авиакаттамдардын токтотулган күндөн баштап жана эл аралык учуулардын кайрадан башталуу күнүнө чейин гана аткарылат.

Ушуга байланыштуу, жогорудагы айтылган категориядагы жарандарыбыз эл аралык авиакаттамдардын кайрадан жаңылануусун көзөмөлдөп туруусун сунуштайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK