КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.А.Абдрахмановдун Бурса провинциясына болуп өткөн иш сапары боюнча

4331

2020-жылдын 28-29-ноябрында КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.А.Абдрахманов Бурса провинциясына иш сапары менен барды.

Сапар учурунда Башкы консул «Ahıskalılar Kültür ve Yardımlaşma Derneği» диаспора башчысы Хамит Музаффероглу жана КРдин жарандары менен жолугушуп, консулдук тарабынан аткарылып жаткан жумуштар жана көрсөтүлүп жаткан консулдук кызматтар, ошону менен бирге келе жаткан Президенттик шайлоонун иш-аракеттери боюнча маалыматтык-тушундуруу иштерин өткөзүп берди. 

Андан тышкары, ошол эле жерде жарандарга консулдук кызматтар көрсөтүлүп, суроолоруна жооп жана кеңеш берилди. 

Мындан кийин, КРдин Стамбул ш. Башкы консулдугунун аймагына караштуу Түркиянын башка провинцияларына да консулдук чыгуулар аткарылат. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK