2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түрк Кеңешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши) Башкы катчысы Б.Амреев менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

4893

2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түрк Кеңешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши) Башкы катчысы Б.Амреев менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев тараптар ок атышпоо боюнча макулдашууга жетишкенин жана кырдаалды сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. Ал 2021-жылдын 29-апрелиндеги окуялардын жүрүшү жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымат берди. Ал кыргыз тарабынын эл аралык эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди карманарын баса белгиледи.

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Б.Амреев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалады. Ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Протоколго жана кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жетишилген башка макулдашууларга жогору баа берди.

Ошону менен бирге, Б.Амреев тынчтык жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгилеп, жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле, Министр Р.Казакбаев менен Башкы катчы Б.Амреев Түрк Кеңешинин алкагындагы актуалдуу маселелерди, анын ичинде эӊ жогорку жана жогорку деңгээлде боло турган иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK