Кызмат

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинде жарандык паспортту / ID-картты алуу / алмаштыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Арыз (Үлгүсү)

Жашы жете элек балдарга (18 жашка чейинки) паспорт алмаштырылган учурда, ата -энелер да, мыйзамдуу өкүлдөр да (камкорчулар) тиешелүү документтерди көрсөтүү менен арыз беришет.

  1. Түстүү сүрөт “jpeg" электрондук форматта болуш керек (USB флешкасында же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук дарегине жиберилиш керек). Өлчөмү 5х5 см (2х2 дюйм) ак фондо, баш кийим же көз айнек жок. Эгерде кайрылууучунун сүрөттө көрсөтүлгөн кандайдыр бир табигый же башка өзгөчөлүктөрү бар болсо (так, мең ж. б.), Муну эркин формада тиркемеде көрсөтүү керек.
  2. Жалпы жарандык паспорт/ID-картанын (түп нускасы) жана паспорттун башкы барагынын көчүрмөсү. (Жарактуулук мөөнөтү бүткөн паспорттор андан ары жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлөт, ушул себептен, эгер зарыл болсо, паспорттун керектүү барактары алдын ала көчүрмөсүн жасаңыз).
  3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (же көчүрмөсү). Эгерде сизде чет мамлекеттин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүз болсо, анда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу бар апостиль коюлган көчүрмөсү керек.
  4. Кыргыз Республикасынын никелешүү тууралуу күбөлүгү (же көчүрмөсү).
    Эгерде сизде чет мамлекеттин никелешүү тууралуу күбөлүгү болсо, анда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу бар апостилденген көчүрмөсү керек.
  5. АКШда же Канадада жүрүүгө негиз болгон жарактуу документтин көчүрмөсү(Green-card/Permanent resident card, Work authorization, Driver's License ж.б.).
  6. Паспорт жоголгон же уурдалган учурда – АКШ же Канаданын ыйгарым укуктуу органдарынын тиешелүү күбөлүктөрү (police report).
  7. Паспорт жоголгон же жараксыз болуп калса, анда арыз берүүчүнүн өздүгүн аныктоо мүмкүн болбогондуктан Форма №1 (Анкета) талап кылынган кошумча анкета толтурулат, же Кыргыз Республикасынын жаранынын ID- картасы талап кылынат.
  8. Арыз берүүчү тарабынан жеке маалыматтар (толук аты -жөнү) өзгөргөндө же жарандык паспортто жаңылыштык менен жазылган жазуулар табылган учурда, жеке маалыматтарды өзгөртүү үчүн негиз болгон мыйзамдаштырылган же апостиль коюлган документти, мамлекеттик же расмий тил талап кылынат
     АКШнын документтери апостилделиши керек. Канаданын документтери мыйзамдаштырылышы (легализацияланышы) керек.
  9. Консулдук жыйымдар 30 долларды түзөт жана money order (Post Office, CVS ж.б.тарабынан берилет) же банктык чек (кассалык чек) түрүндө кабыл алынат.
    60 жаштан ашкан адамдар үчүн консулдук жыйымдар - 15 АКШ доллары.
    * АКШда жашаган кайрылуучулардын эсине – Элчилик консулдук жыйымдарды  Кыргыз Республикасынын Элчилигине даректелген
    money order түрүндө кабыл алат. (Эскертүү: жеке чектер кабыл алынбайт). * Канадада жашаган кайрылуучулардын эсине - Элчилик Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атына даректелген банк чектерин (АКШ долларында) төмөнкү банктардан кабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. (Кассалык чек).
  10. Паспорт алуу үчүн арыз катталгандан жана кабыл алынгандан кийин, жаранга Кыргызстандагы РСК банкынын филиалдарынын бөлүмдөрүндө төлөө үчүн мамлекеттик алымды төлөө  үчүн код берилет.
  11. Паспортуңузду кайра сизге жиберүү үчүн дареги көрсөтүлгөн USPS, UPS же FedEx почта кызматынын көзөмөл номери жазылган алдын ала төлөнгөн конверт (паспорттун өлчөмү үчүн) талап кылынат.

Маанилүү маалымат:

Паспорт алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук почтасы же (202) 449-9823 телефону акрылуу элчиликте жолугушуунун убактысы тууралуу макулдашып, жогоруда көрсөтүлгөн бардык документтер менен Элчиликке жеке өзүңүз келишиңиз керек. Паспортко документтерди тапшыруу учурунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу каралган.

Жалпы жарандык паспорт 16 жаштан ашкан жарандарга 10 жылдык мөөнөткө, 16 жашка чейинки балдарга, паспорт 5 жылдык мөөнөткө берилет!

Элчиликтин өкүлдөрү туруктуу негизде биздин жарандар көп жашаган жерлерге калкты тейлөө үчүн жиберилет. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө +12024499823 телефону аркылуу кайрылыңыз.

 

Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк

Жалпы жарандык паспортун жоготуп алган же паспортунун жарак мөөнөтү бүтүп калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигине убактылуу жолдо жүрүү документин – Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгүн (МКК – мекенге кайтуу күбөлүгүн) – берүү өтүнүчү менен кайрылышса болот.

МКК Кыргыз Республикасына жетип алуу үчүн гана жана 30 күндүк мөөнөткө гана берилет. Мекенге кайтып баргандан кийин, күбөлүктү алган жаран бир айдын ичинде тиешелүү органдарга кайрылып жаңы паспортко арыз жазып МККны тапшырышы керек.

Мекенге кайтуу күбөлүгүн алуу үчүн жарандын Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы (Вашингтон шаары) элчилигине сөзсүз түрдө өзүнүн келиши жана төмөнкү документтерди көрсөтүүсү зарыл:

  1. Атайын белгиленген формадагы арызда Кыргыз Республикасынын жараны паспортунун эмне себептен жок экендигин далилдүү түшүндүрүшү керек (шилтеме).
  2. 5х5 см (2x2 inch) өлчөмдөгү үч сүрөт жана электрондук сүрөт.
  3. Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту, паспорт жоголгон учурда анын көчүрмөсү (эгер болсо).
  4. Жашаган өлкөнүн жергиликтүү органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жоголгон, уурдалган же алдырган тууралуу фактысы катталган справка.
  5. МКК алууну тездетүү үчүн жарандыкты далилдеген башка документтердин көчүрмөлөрүн тапшыруу зарыл: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин жалпы жарандык паспорттору (балдар үчүн), аскердик билет, сүрөтү менен болгон кызматтык күбөлүк, же болбосо экиден кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын күбө каты (чынында эле арыздын ээси Кыргызстандын жараны экенин ырастаган) паспортторунун көчүрмөсү менен бирге тиркелет. Бул документтердин жетишсиз болуп турган учурда Элчилик Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарына жоголгон паспорт боюнча №1 формасын талап кылганга мажбур болот (форма №1 суроо-талап анкетасы).
  6. Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт жана “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жөнөтүлгөн Money Order түрүндө кабыл алынат. 
  7. МКК алуу үчүн жарандардын Консулдун кабыл алуусуна алдын ала жазылышы зарыл. МКК боюнча кабыл алууга жазылыш электрондук почта аркылуу гана жасалат: kgconsul@kgembassy.org.

Маанилүү маалымат:

МКК менен Кыргызстанга кете турган жарандарга Элчилик транзитке виза талап кылбаган  өлкөлөр (Турция, Россия) аркылуу кетишин сунуштайт. Бул сунуш Европа өлкөлөрү аркылуу транзиттик багыт менен кеткендерден транзиттик виза талап кылган авиа-линиялар менен түшүнбөстүк болтурбоо максатында жасалат.

Жарандык ал-абалдын актыларын каттоо (ЗАГС)

АКШ/Канада аймагында жашаган, элчиликтин консулдук каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн элчиликтин консулдук бөлүмү жарандык ал-абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) жана каттоо боюнча иш жүргүзөт:

  1. Туулгандыгы жөнүндө актысын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү.
  2. Никелешүүгө тургандыгы жөнүндө актысын каттоо жана никелешүү күбөлүгүн берүү.
  3. Өлгөндүгү тууралуу актысын каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү.
  4. Никени бузуу актысын каттоо (компетенция чегинде) жана никени бузуу күбөлүгүн берүү.
  5. Аты жөнү алмаштыруу боюнча актысын каттоо (компетенция чегинде).

1. ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУ АКТЫСЫН КАТТОО.

Баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон ата-энеси (же ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны болсо) консулдук бөлүмгө төмөнкү документтерди жөнөтүүсү зарыл:

  1. Баланын төрөлгөндүгүн каттоо жана күбөлүгүн берүү боюнча ата–энесинин бирге жазган кайрылуу арызы (Үлгүсү).
  2. Туулгандыгы тууралу актысынын формасы (Формасы)
  3. АКШнын төрөлгөндүгү тууралуу клиникадан тастыктама/маалымкат, документти берген штат тарабынан апостиль менен тастыкталышы зарыл (расмий же мамлекеттик тилине котормосу менен). Штаттардагы мамлекет катчыларынын офистери тууралуу маалыматты  кийинки шилтемеден тапсаңыздар болот: www.statelocalgov.net/50states—secretary—state.cfm.
    Канаданын төрөлгөндүгү тууралуу сертификаты Канаданын тиешелүү кызматтары тарабынан легалдаштырылууга тийиш.
  4. Ата-энесинин өздүгүн ырастаган документтер (паспорттору менен консулдук каттоодо тургандыгы тууралу белгилеринин көчүрмөсү) жана Кыргыз Республикасынын ички паспортторунун (ID карта) көчүрмөсү. Консулдук каттоого туруу эрежесин тиешелүү бөлүмдөн таба аласыздар. Ата-энесинин бири башка өлкөнүн жараны болгон учурда, анын балага Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуусуна кат түрүндө жазылган макулдугу жана паспортунун келген өлкөнүн нотариалдык кызматы тарабынан тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.
  5. Ата–энесинин Кыргыз Республикасынан алган никелешүү тууралу күбөлүк. Никелешүү сертификаты чет өлкөдөн алынган учурда, анын нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү (расмий же мамлекеттик тилине котормосу менен).
  6. АКШда же Канадада жүрүүгө негиз болгон жарактуу документтин көчүрмөсү(Green-card/Permanent resident card, Work authorization, Driver's License ж.б.).
  7. Бир 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү баланын сүрөтү.
  8. Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт: * АКШда жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылган money order гана кабыл алат. (Эскертүү: АКШдан жеке чектер кабыл алынбайт).* Канадада жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик америкалык доллары менен төмөнкү банктардын гана чектерин кабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. Чектер “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылышы керек.
  9. Баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү  кайра сизге жиберүү үчүн дареги көрсөтүлгөн USPS, UPS же FedEx почта кызматынын көзөмөл номери жазылган алдын ала төлөнгөн конверт (паспорттун өлчөмү үчүн) талап кылынат.

2. НИКЕГЕ ТУРУУ АКТЫСЫН КАТТОО.

Консулдук бөлүм никеге туруп жаткан кайрылуучулардын өздүк катышуусу менен төмөнкү документтерди сунуштаганда гана никеге туруу актысын каттай алат:

  1. Никеге туруп жаткан кайрылуучулардын консулдук бөлүмдүн наамына бирге жазган арызы. (Арыздын формасы
  2. Никеге туруп жаткандардын өздүгүн ырастаган документтер.
  3. ЗАГСтан алынган жарандык ал-абал тууралу справка: кайрылуучулардын бойдок, күйөөгө тийбеген же үйлөнбөгөнүн көрсөткөн документ. Буга чейин никеге турган болсо, никени бузуу күбөлүгүнүн нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  4. Үйлөнүп жаткандардын бирөөсү/экөө тең жашы жетиле элек болгон учурда (18 жашка чейин), тарбиялап кам көргөн кишилердин (опекун) уруксат кагазы.
  5. Ар бир кайрылуучунун бирден 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү сүрөттөрү.
  6. Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт:
    * АКШда жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылган money order гана кабыл алат. (Эскертүү: АКШдан жеке чектер кабыл алынбайт).
    * Канадада жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик америкалык доллары менен төмөнкү банктардын гана чектерин кабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. Чектер “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылышы керек. 

Эскертүү: Никеге туруу актысын каттоо жана никеге туруу күбөлүгүн тапшыруунун мөөнөтү, эки тараптын арызы тапшырылган күндөн баштап – бир ай.

3. ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ АКТЫСЫН КАТТОО МЕНЕН ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ КҮБӨЛҮКТҮ БЕРҮҮ:

АКШ/ Канада аймагында өлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлүмүн актысын каттоо үчүн төмөнкү документтер керек:

  1. Өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралу күбөлүктү алуу үчүн кайрылууну жазганга укугу бар жакын адамдын (тууганы, таанышы, достору ж.б.у.с.) арызы. (Арыз үлгүсү)
  2. АКШ/ Канада аймагында өлгөн адамдын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (кайра кайтарылып берилбейт). Паспорт өлгөндүгү тууралуу актысы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
  3. АКШ/ Канаданын өлүм фактысын каттаган тиешелүү органдарынын Өлүмдү каттоо сертификаты (же наториалдык тастыкталган көчүрмөсү).
  4. Арызды жазган адамдын паспортунун көчүрмөсү.
  5. Төмөнкү почта кызматтарынын арыз ээсинин кайтарым дареги жазылган, төлөнгөн жана сөзсүз түрдө треккинг-номери болгон бир конверт: USPS, UPS, Fedex! 

Эскертүү: Консулдук бөлүмдүн consulate.washington@mfa.gov.kg электрондук дарегине документтердин сканерден көчүрүлгөн электрондук көчүрмөсүн эртерек жөнөтүү зарыл.

4. НИКЕНИ БУЗУУ ЖӨНҮНДӨГҮ АКТЫНЫ КАТТОО (компетенция чегинде).

Консулдук бөлүм арыздануучулардын өздүк катышуусунда гана, никеси Кыргыз Республикасында катталган учурда жана бири бирине мүлктүк жана балдары тууралуу пикир келишпестиктер жок болгондо гана никени бузуу жөнүндөгү актыны каттай алат. Никени бузуу актысы түзүү жумушу төмөнкү документтердин болушун талап кылат:

  1. Никени бузуу жаткан кайрылуучулардын бирге жазган арызы. (Арыз формасы
  2. Эки тараптын никени бузуу тууралу бирге жазган арызы. Арызда ар бир арыздануучунун аты-жөнү, туулган күн/ай/жылы жана жери, жарандыгы, жашаган жери, паспорттук маалыматтары так көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле арызда өз эрк калоолору менен ажырашып жатканын, бири бирине мүлктөр жана балдар тууралу талашы жок экенин так көргөзүшү керек.
  3. Никени бузуп жаткан кайрылуучулардын өздүгүн ырастаган документтер.
  4. Никеге туруу күбөлүгү (кайра кайтарылып берилбейт). Бул документ Кыргыз Республикасынын ЗАГС органдарына никени бузуу актысы менен чогуу жөнөтүлөт.
  5. Консулдук акы 50 АКШ долларын түзөт:
    * АКШда жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылган money order гана кабыл алат. (Эскертүү: АКШдан жеке чектер кабыл алынбайт).
    * Канадада жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик америкалык доллары менен төмөнкү банктардын гана чектерин кабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. Чектер “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылышы керек.

5. АТЫ-ЖӨНҮН АЛМАШТЫРУУ БОЮНЧА АКТЫСЫН КАТТОО (компетенция чегинде).

Кыргыз Республикасынын жарандарынын фамилия, аты-жөнүн алмаштыруу боюнча актысы, 16 жашка жеткен жарандардын арызынын негизинде катталат. 16 жашка жете электердин атын, берилүүчү фамилиясын, атасынын атын фамилияга алмаштыруу же атасынын атын алмаштыруу боюнча актысы ата-энесинин (же биринин) бирге жазган арызы менен төмөнкү документтердин негизинде гана катталат:

  1. Арыз.(Үлгүсү)
  2. Паспорт менен консулдук каттоодо тургандыгы тууралу белгисинин көчүрмөсү.
  3. Кайрылуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
  4. Никеге тургандыгы тууралу күбөлүгү (эгер кайрылуучу никеде турса).
  5. Жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгер кайрылуучунун жашы жетелек балдары болсо).
  6. Аталыгын аныктаган күбөлүк (эгер кайрылуучунун ЗАГСтан аталыгын аныктаган күбөлүгү болсо).
  7. Мурун фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөн болсо, фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөндөгү тууралу күбөлүгү.
  8. АКШ/Канада аймагында жүрүүгө уруксат берген документтин нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  9. Арыз ээси никеге турганга чейинки фамилиясын никесин бузууга байланыштуу кайтаргысы келген учурда, никени бузуу тууралу күбөлүгү.
  10. Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт:
    * АКШда жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылган money order гана кабыл алат. (Эскертүү: АКШдан жеке чектер кабыл алынбайт).
    * Канадада жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик америкалык доллары менен төмөнкү банктардын гана чектерин кабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. Чектер “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылышы керек. 

Эскертүү: Фамилия жана аты-жөнүн алмаштырууга төмөнкү учурларда уруксат берилет:

1. Фамилиянын, атасынын атынын жана өз атынын угулушу жагымсыз учурда, же аталышы татаал болсо.

2. Жарандык ал-абалдын ар кайсы каттоолорунда аты-жөнү бири бирине ылайык келбеген учурларда документтердин баардыгын иретке келтирүү максаты болсо.

3. Никелешкендердин бири экинчисинин фамилиясын алгысы келсе, бирок никеге туруп жаткан учурда өз фамилиясында калган болсо.

4. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе.

5. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе, бирок никени бузуу актысы катталган учурда бул маселе менен кайрылбаса.

6. Нике бузула элек мезгилинде эле, никеге турганга чейинки өз фамилиясын кайтаргысы келип, биринчи никедеги балдары менен кошо бир фамилияда болууну кааласа.

7. Эгер күйөөсү көз жумган болсо, балдары менен чогуу бир фамилияда болгусу келсе.

8. Эгер тарбиялоого ата-эненин бирөөсү катышпаса, тарбиялангандын фамилиясын алгысы келсе.

9. Эгерде өз атасы тарбиялоого каралашпай жана уул кылып багып алган багып алганын мыйзамдаштыра албаган мезгилде өз калоосу менен өгөй атанын (эненин) же тарбиялаган инсандын фамилиясын, атасынын атын алгысы келсе.

10. Арыздануучуну тарбиялаган чоң-ата, чоң-эне же башка инсандар болуп, алардын атын алып жүрүү калоосу болсо, эгер ата-энеси кайрылуучунун тарбиясына катышпаса, бала кылып багып алуу укугуна ээ болуу мүмкүн эмес болсо.

11. Фамилиясын, атын, атасынын атын, улутка тиешелүү салттык таанымда өзгөртүүгө өз калоосу болсо.

12. Кыргыз улуттук салты менен жазылган «кызы» жана «уулу» сөздөрүнүн ордуна, жалпы колдонулган аягы «-ов», «-ев», «-ова», «-ева» сөздөрү менен бүткөн фамилияга алмаштырууну кааласа.

13. Атасынын, чоң атасынын аттарынан куралган фамилияны алып жүргүсү келсе.

 

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын
СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 2192018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.

4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.

4-1. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.

5. Консулдук иш-аракеттер зарыл болгондо жана арыз ээсинин өтүнүчү боюнча консулдук мекемеден сырткары аткарылышы мүмкүн, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары жогорулатылат, бирок эки эседен ашык эмес. Арыз ээси консулдук иш-аракеттерди аткаруунун жерине барууга байланышкан чыгымдарды төлөйт.

6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.

7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

N

Консулдук иш-аракеттердин аталышы

   

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы, сом менен

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы, АКШ долл. менен

1

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринен 2006-жылдын үлгүсүндөгү) алуу:

   

 

 

 

- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

   

-

30

2

Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине виза берүү жөнүндө ноталарды тариздөө, мамлекеттик кызматкерлерден - Кыргыз Республикасынын жарандарынан тышкары

   

50

10

3

Чет өлкөлүк жарандарга виза берүү жана визанын мөөнөтүн узартуу, кызматтык иштер боюнча визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө:

   

 

 

 

1) бир жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейин;

   

 

50

 

2) бир жолку визасын узартуу:

- ар бир  30 күнгө (1 айга чейин);

   

 

10

 

3) бир жолку окуу визасын узартуу:

- ар бир  30 күнгө (1 айга чейин) ;

   

 

5

 

4) көп жолку визаны тариздөө

- ар бир  30 күнгө (1 айга чейин);

   

 

60

 

5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир  30 күнгө (1 айга чейин);

   

 

15

 

6) көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир  30 күнгө (1 айга чейин);

   

 

10

 

7) транзиттик визаны тариздөө:

   

 

 

 

- беш суткага чейин;

   

 

25

 

8) Чыгуу кетүү визасын тариздөө; визаны жаңы паспортуна же саякат документине өткөрүп берүү

   

 

70

 

9) 1 адамга визалык колдоону тариздөө ;

   

 

5

3

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

   

-

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди мыйзамдаштыруу үчүн:

   

 

 

 

-1) жеке жактардан - Кыргыз Республикасынын жарандарынан;

   

 

5

 

2) жеке жактардан - чет мамлекеттин жарандарынан;

   

 

50

 

3) юридикалык жактардан

   

 

100 

 

4) Кыргыз Республикасынын жараны менен бирге чет элдик жарандарын биргеликте көрсөтүлгөн жеке жактардан ар бир документтерин мыйзамдаштыруу;

   

 

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө:

   

 

 510

6

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө:

   

 

10 

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги фактысын аныктоо)

1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

2. Чет элдик жарандар үчүн

   

-

 

 

 

 

 

 

 

10

 

50

8

Жарандык абалдын актыларын жазууларды каттоо:

   

 

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү;

   

 

 10

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка);

   

 

 50

 

3) фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу материалдарды кабыл алуу, каттоо жана тариздөө:

   

 

10 

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү:

   

-

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

   

-

10

10

Мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним кат берүү:

   

 

 

 

1) автотранспорт каражаттарын;

   

-

10

 

2) кредиттик операцияларды аткарууга;

   

-

10

 

3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга ишеним кат

   

-

10

11

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү жана алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

   

-

20