Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жана айыл чарба продукциясын сатуу маселеси боюнча казак компаниясы ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду

7724

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жана а       йыл чарба продукциясын дүңүнөн сатууга адистешкен «Prime Capital Retail and Management» казак компаниясы ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.   

«Prime Capital Retail and Management» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында кыргыз тараптын атамекендик айыл чарба продукциясын Казакстан Республикасынын рыногуна экспорттоого кызыкдарлыгын билдирди.

«Биз тараптан аталган Меморандум алкагындагы максаттарды жана шарттарды ишке ашырууга колдон келген көмөк көрсөтүлөт. Атап айтканда, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги өз компетенциясы боюнча тийиштүү колдоо көрсөтүп, ошондой эле Казакстан рыногуна кыргыз айыл чарба продукциясын, анын ичинде картошканы экспорттоо максатында атамекендик ишкерлер менен жолугушууларды уюштурат», – деди Кубатбек Боронов.

Өз тарабынан «Prime Capital Retail and Management» компаниясынын өкүлдөрү белгилешкендей, алар кыргыз дүң-бөлүштүрүү борборлору менен айыл чарба продукцияларынын бардык түрлөрүн сатып алуу боюнча өз ара кызматташууга жана аракеттешүүгө даяр.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, компания кыргыз айыл чарба продукциясын Казакстан Республикасынын аймагында соодалоо максатында сатып алат.

Белгиленгендей, Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүлөрдү жакшыртуу жана өз ара соода маселелерин жөнгө салуу максатында аталган компания менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, «Prime Capital Retail and Management» жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин башкы директору Марат Нурпейсов жана башкалар катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK