Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

162

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргыз Республикасы КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK