КР ТИМинин 2023-жылдын 19-октябрына карата маалыматтык билдирүүсү

357

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте Казакстан Республикасынын Алматы облусунун аймагында 15 жыл бою документи жок жүргөн, Кыргыз Республикасынын эки жаранын Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүштү.

“Р.Б.К” жана “К.Э.Т” аттуу жубайлар Казакстанга 2008-жылы акча табуу үчүн барышкан, ошондон бери аларга Кыргызстанга чыгып, документтерин өз убагында тариздөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Башкы консулдук тарабынан аталган жарандарды документтештирүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар көрүлүп, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынан тиешелүү документтерди алуу менен, жогоруда аталган жарандарга Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктөр таризделип берилди.

Мындан тышкары, Башкы консулдук тарабынан иштеген мезгили үчүн иш берүүчү тарабынан төлөнбөгөн эмгек акыны алууга көмөк көрсөтүлдү.

Башкы Консулдуктун жардамы менен 2023-жылдын 18-октябрында “Р.Б.К” жана “К.Э.Т” жубайлары Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK